Бишкектин Свердлов районунда калкка эмдөөнүн маанилүүлүгү жана зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, түшүндүрүү иштерине 10 мектептин мугалимдери, ошондой эле "Аламүдүн" базарынын кызматкерлери катышты.
"Шаардык жана райондук социалдык фонддун, райондук салык кызматынын жана "Бишкексууканал" ишканасынын кызматкерлери үчүн жер-жерлерде эмдөө уюштурулду.
Акимчиликтер ишкерлерге жана ишканаларга кызматкерлерге алгачкы эмдөөлөрдү уюштурууда жардам берүүгө даяр. Каалоо баракчаларын райондук администрацияга тапшыруу керек", - деп билдиришти мэриядан.
Бишкек шаарынын мэриясы ар бир адамды этияттык чараларын көрүүгө жана жабык жайларда, коомдук транспортто бет кап кийип жүрүүгө, коомдук аралыкты сактоого, эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болуп, эмдөөгө чакырат.