Баткен облусундагы Головной суу бөлүштүрүү аймагына видео көзөмөл коюлган эмес жана коюлбайт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүнкү күндө суу бөлүштүрүү аймагында жана жолдордо эч кандай видео көзөмөлдөөчү каражаттары жок.
"Кыргыз тарап аталган аймактагы постту оңдоп түзөө иштерин жүргүзүү учурунда өз аймагына видео көзөмөлдөө каражаттарын койгон, Тажикстан тараптан да оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, 28-29-апрель күндөрү талкаланган видео көзөмөлдөөчү каражаттарын кайрадан орнотушкан. Негизги максаты чыр-чатактарды алдын алуу жана болтурбоо саналат.
Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек аралаш аймактарында коомдук абал тынч. Күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө", - деп билдиришти өкүлчүлүктөн.
Буга чейин Тажикстандын басылмасы Головной суу бөлүштүрүү аймагына видео көзөмөл коюлганын жазып чыккан.