Бишкекте AstraZeneca вакцинасын кайсы жерлерден алууга болот? Даректери

AstraZeneca вакцинасын Бишкек шаарындагы №2, 3, 5, 7, 15 Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунан жана студенттердин эмканасынан алууга болот. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эмдөөнү жашы 18 жаштан жогору курактагы каалаган жарандар эки доза менен ала алышат. Биринчи менен экинчи дозаны алуу убактысы 4-12 күндү түзөт.

Региондордо AstraZeneca вакцинасын алдыдагы жумадан баштап алууга болот, учурда вакцинаны жеткирүү иштери жүрүп жатат.

Региондор боюнча бөлүштүрүү планы:

Бишкек шаары – 10 миң доза;
Ош шаары – 2 миң;
Чүй облусу – 10 миң;
Жалал-Абад облусу – 4 миң;
Ысык-Көл облусу – 4 миң;
Нарын облусу – 2 миң;
Талас облусу – 2 миң;
Баткен облусу – 2 миң;
Ош облусу – 4 миң.

Эскерте кетсек, 16-июль күнү Азербайжан Республикасы AstraZeneca вакцинасынын 40 миң дозасын (20 миң адамга) гуманитардык жардам катары берген.

AstraZeneca – бул моноваленттүү вакцина, аны швед-британиялык фармацевтикалык каражаттарды өндүрүүчү компания Оксфорд университети менен бирге кызматташып, иштеп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан