Израиль пандемияга байланыштуу жарандарына барууга тыюу салынган жана чектөө киргизилген өлкөлөрдүн тизмесин жаңылады. Тизмеде Кыргыз өлкөсү да бар. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Ага ылайык, Израилдин жарандары Аргентина, Бразилия, Түштүк Африка Республикасы, Индия, Орусия, Мексика, Беларусь, Өзбекстан, Испания, Улуу Британия, Грузия, Кипр, Түркия жана Кыргыз өлкөсүнө бара алышпайт. Бул чечим 30-июлдан тарта күчүнө кирет.
Тизмеге кирген өлкөлөргө баруу үчүн израилдиктер атайын комиссиянын макулдугун алышы керек. Ал эми аты аталган өлкөлөрдөн келген жарандар коронавируска тест тапшырып, 7 күн карантинде болуп, кайрадан тапшырган тести терс жыйынтык көрсөткөндө гана карантинден чыгууга уруксат беришет.