Бүгүн, 24-июлда "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарынын биринчи мелдеш күнүндө 11 комплект медаль ойнотулат. Оюндардын расмий сайты кабарлагандай, бул күнү спорттун 7 түрү боюнча медалдар ойнотулат.
Бүгүнкү оюндарда Кыргыз өлкөсүнүн атынан суучул Денис Петрашов күчүн сынайт. Кыргыз суучулу Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө брасс стилинде 100 метр аралыкка жарышка түшөт.
Буга чейин мелдешке чыккан ок атуучу Каныкей Кубанычбекова 50 спортчунун ичинен 48-орунду ээлеп калган.