Бүгүн, 26-июлга карата COVID-19 илдети дагы 973 жарандан аныкталды. Бир сутка ичинде ооруну жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан:
Бишкек - 637;
Ош шаары - 23;
Чүй облусу – 72;
Ош облусу – 12;
Талас облусу - 18;
Нарын облусу - 18;
Ысык-Көл облусу – 39;
Жалал-Абад облусу – 74;
Баткен облусу - 88.
Республикалык штабдан кабарлашкандай, бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясынан жабыркагандардын жалпы саны 158 миң 120 болду.