Кыргыз балбандары Нуристан Сүйөркулов менен Раззак Бейшекеев Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтүп жаткан кадеттер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда алтын байге жеңип алышты.
60 килограмм салмакта катышкан Раззак Бейшекеев финалда ирандык балбанды 4:1 эсебинде жеңсе, Нуристан Сүйөркулов финалда украиналык балбанды 3:1 эсебинде жеңип алды.
Ошондой эле бул дүйнө чемпиондугуна 45 килограмм салмакта катышкан кыргыз балбаны Нурболот Бердикулов өз салмак категориясында коло байгеге ээ болду.