Бишкек шаарында эркек киши кызды уруп, анын унаасын уурдап кеткен. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан кабарланды.
"16-июлда Н.В. аттуу жаран чала таанышы Ж.га чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда шектүү Ж. арыз ээсинин унаасына отуруп, аны Орто-Сай айылына барууга мажбур кылгандыгын билдирген. Жолдо бара жатканда арыз ээси Н.В. өтүп бара жаткан кишини көрүп, унаадан секирип түшкөн. Шектүү унааны андан ары айдап качып кеткен", - деп жазылат билдирүүдө.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-берененин негизинде ("Автотранспорт каражатын уурдоо") катталган. Керектүү экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүү катары 1973-жылы туулган Ж. аттуу жаран кармалган.
Учурда унаа ээсине кайтарылып, иликтөө иштери жүрүп жатат.