Ош шаарында кылмыштуу чөйрөдө "Женго" каймана аты менен таанылган кримтөбөлдүн айдоочусу жана жан сакчысы кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарланды.
Билдирүүгө ылайык, 23-июлда Ош шаарында бейбаштыкка шектелип 1995-жылы туулган М.А. аттуу жаран кармалган. Ал мурда соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин каттоосунда турган, "Женго" лакап аты менен таанылган кримтөбөлдүн жан сакчысы жана айдоочусу болгон.
"2021-жылы 10-июлунда кармалган жаран шаардагы кафелердин биринин жанында адамдар тобу менен биргеликте Куршаб айылынын тургунун сабап, бычак менен коркутуп, андан соң ал 1600 АКШ доллар жана 48 миң сом салынган капчыгын алып кеткен", - деп жазылат билдирүүдө.
Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.