Кытайда өзөктүк куралдар үчүн курулган жүздөгөн жай табылды

Кытай бийлиги континенттер аралык баллистикалык ракеталарды учуруу үчүн жүздөгөн жайларды куруп жатат. Бул тууралуу америкалык окумуштуулар федерациясынын эксперттерине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кытайда мындай жайлардын курулуп жаткандыгы тууралуу далилдер комерциялык спутниктердин сүрөттөрүнөн алынган. Ошондой эле Синьцзян-Уйгур автономиялык районунда аталган ракеталарды учуруучу 110 жай аныкталганын жана алар өзөктүк куралдар менен жабдылганын аталган федерациянын өкүлдөрү белгилешти.

Айрым маалымат булактары Кытайдын мындай аракети бир катар эксперттерди чочулатып жатканын жазып чыгышты. Мындай жайлардын курулушу Кытайды АКШ жана Орусия менен тең тайлашкан өзөктүк державага айлантышы мүмкүн. Ошол эле учурда башка эксперттер мындай кадамдар кооптуу деп эсептелгени менен башкаларды коркутуу үчүн "жетишсиз" бойдон калаарын белгилешти.

Белгилей кетсек, буга чейин июль айынын башында америкалык The Washington Post гезити дагы Кытайдын Ганьсу провинциясындагы 119 аймактан жогорудагыдай жайлардын курулушу туурасында маалыматтарды тапканы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан