Эртең Кыргыз өлкөсүнө AstraZeneca вакцинасы алып келинет

Өлкөгө 29-июлда AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасы алып келинет. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Европа аймактык бюросунун директору Ханс Клюге менен жолугушту. Тараптар коронавируска каршы вакцинаны жеткирүүнү тездетүү маселесин карашты.

Вакцинаны "Манас" аэропортунан тосуп алуу иш-чарасы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын жана эл аралык уюмдардын, дипломатиялык кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан