Вакцинация сертификатын үйдөн чыкпай туруп "Мой О!" тиркемесинен алыңыз

О! Мобилдик оператору абоненттерине кам көрүү менен өлкөнүн уюлдук операторлорунун ичинен алгачкылардан болуп вакцинация жөнүндө сертификатты аралыктан жана үйдөн чыкпай туруп алуу мүмкүнчүлүгүн ишке ашырды.

Мындан ары кыргызстандыктар үчүн электрондук санарип кол тамга алуу жана КТБна барууга убакыт коротуунун зарылдыгы болбойт, себеби вакцинация жөнүндө электрондук сертификат эми «Мой О!» тиркемесинен жеткиликтүү.

Жаңы сервис вакцинация статусун текшерүү, кийинки эмдөө күнүн кароо, ал эми экинчи компонентти алган соң QR-коду менен сертификат алуу мүмкүндүгүн берет.

Документти бардык мессенжерлерге же почтага жиберүүгө, ошондой эле «Путешествую без COVID-19» тиркемесинде колдонууга болот.

Мындан тышкары, бардык О! абоненттерине вакцинациядан өткөндүгү үчүн 10 ГБ интернет берилет.

Сертификат менен 10 ГБ кантип алса болот?

  1. Өлкө боюнча уюштурулган вакцинация пункттарынын биринен COVID-19 каршы вакцинанын жок дегенде биринчи компонентин алыңыз.
  2. «Мой О!» тиркемесинен тез онлайн-идентификациядан өтүңүз.
  3. «Мой О!» жаңылаңыз, «Менюну» ачып, «Вакцинация статусун» тандаңыз жана «Текшерүүнү» басыңыз.

Сервис COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү боюнча «Кыргызстан – жашыл зона» улуттук демилгесин колдоо жана санарип технологияларды өнүктүрүү максатында КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте ишке киргизилди.

Өлкөнүн бардык аймактарында COVID-19 каршы масштабдуу жана акысыз вакцинация жүргүзүлүүдө. Бардык пункттардын даректерин http://med.kg/ru/vaktsinatsiya/4839-adresa-i-grafik-raboty-vremennykh-privivochnykh-punktov-po-vsej-respublike-2.html сайтынан биле аласыз.

Эмдөөдөн өтүү үчүн жаныңызда паспортуңуз болууга тийиш.

Ден соолукта болуңуз, өзүңүзгө жана айланадагыларга кам көрүңүз!

10 ГБ интернет-топтом бир жолу, КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан вакцина алгандыгы тастыкталган соӊ автоматтык түрдө кошулат. Акция 22.07.2021-ж. башталат. Акциянын мөөнөтү чектелүү. МТБМК караштуу МБА лиц.: №16-0062-КР, №16-0063-КР. Маалымат жарыялоо учурунда жарамдуу: 22.07.2021. Кененирээк: www.o.kg

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан