реклама
super.kg logo

Казакстандын демилгеси менен Кыргыз өлкөсүнө 25 миң доза QazVac вакцинасы жеткирилди

 

Бүгүн, 28-июлда Кыргыз өлкөсүнө Казакстандан QazVac вакцинасы жеткирилди. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, бул ирет коронавируска каршы вакцинанын 25 миң дозасы алып келинди.

Белгилүү болгондой, вакцинанын биринчи партиясын жеткирүүнү коңшу өлкө демилгелеген.

Гуманитардык жүктү саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев кабыл алып, Казакстандын өкмөтүнө, аталган өлкөнүн Кыргыз жергесиндеги элчилигине жогорку деңгээлдеги колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

QazVac вакцинасын иштеп чыгуучулардын бири, Казакстандын Биологиялык коопсуздук маселелер илимий-изилдөө институтунун башкы директорунун орун басары Ергали Абдураимов белгилегендей, бул вакцина 18 жаштан жогоркуларды эмдөөдө сунушталат. Вакцинанын эки дозасын алууда сунуш кылынган аралык 21 күн. "Бүгүнкү күндө 300 миңден ашуун казакстандык эмдөөдөн өттү, олуттуу терс таасирлери катталган жок. Колдонулган технологиялар Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан бекитилген", - деди.

QazVac вакцинасы Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Биологиялык коопсуздук маселелер илимий изилдөө институту тарабынан иштелип чыккан. 2021-жылдын башынан бери казакстандыктарды эмдөө үчүн кеңири колдонулууда. Клиникалык сыноолор жана кеңири колдонуу практикасы QazVac вакцинасынын коопсуз экенин жана коронавирус инфекциясынын оор формаларынын алдын алууда натыйжалуулугу жогору (90 пайыздан жогору) болгонун көрсөттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
28.07.2021. 18:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
342
Катталган:
30-01-2017
Соӊку аракети:
23-09-2021 09:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
Асалом алейкум туугандар каз ваксинаны казакстанда запрет кылып койгон болбойт деп эч кимиси каз ваксина алган жок спутник менен ваксина алып атышат оздору ,бул неси бизге Боло береби уятта бекер болсо темир жутам деп ала берген
28.07.2021. 23:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2777
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
23-09-2021 12:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге кытайы деле,орусу деле,азери деле,казагы деле жонотуп жатышат.Оздору баары вакцина алып вирус жоголсун анан бизге жонотсун.Оздорундо ооругандар тыгылып жатат и бизге проба кылып жонотуп жатышат кандай болот экен деп!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
176632;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: