Ысык-Көл. Бала бакчалардын тарбиялануучулары арасында "Манас" айтуу боюнча сынак өтүп жатат
Каракол шаарындагы бала бакчалар арасында 22-октябрдан баштап
кыргыз тилин өнүктүрүү, улуттук каада-салттарды жайылтуу максатында "Манас" айтуу боюнча сынак өткөрүлүп
жатат. Бул тууралуу маалыматты Каракол шаарынын мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай сынак иш-чаралары биринчи жолу өткөрүлүүдө.
Сынактын
жыйынтыгы үстүбүздөгү жылдын 31-октябрында чыгарылат. Жеңүүчү бала бакчаларына
белек катары бала бакчага керектүү буюмдар тартууланат. Кошумчалай кетсек, Караколдо жалпысынан 13 бала бакча бар.