Кыргыз тасмасы Орусияда эл аралык фестивалда көрсөтүлөт

Режиссёр Эмил Атагелдиевдин "Көл" тасмасы Татарстандын борбору Казань шаарында быйыл сентябрда өтө турган "Орусия – Ислам дүйнөсү" эл аралык фестивалынын программасына кирди. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда Кыргыз өлкөсүнүн Кинематография департаментинен билдиришти.

Мекемеден кабарлагандай, фестивалда мусулман өлкөлөрүнүн маданий көп түрдүүлүгүн чагылдырган тасмалар көрсөтүлөт. Атайын программага кирген он фильмдин бирине 300 миң рубль өлчөмүндөгү сыйлык тапшырылат.

"Аталган тасма Ысык-Көлдүн пейзажында тартылган, анда адамдын өз жолун эркин тандоого карай умтулуусу баяндалат. Тасманы "Оймо" студиясы Кинематография департаментинин колдоосу жана "Айтыш фильм" киностудиясы менен бирге тарткан", - деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары аталган тасма бир катар дүйнөлүк фестивалдарда көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан