Бишкектин көчөлөрүндө жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилет

Бишкекте жүк ташуучу унаалардын каттамына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Мекеменин билдирүүсүнө ылайык, чектөө 28-июлдан 1-сентябрга чейин (саат 10:00дөн 20:00гө чейин) борбор калаанын бардык көчөлөрүнө киргизилет.
"Мындай чектөө абанын табы 28 градустан ашкан учурларда күчүндө болот. Убактылуу чектөө оор жүк ташуучу жана 18 тоннага чейин жүк ташыган габариттик транспорт каражаттарына таандык.
Ал эми жүргүнчү ташыган транспорт каражаттарына, жүк ташууга атайын уруксаты бар унааларга чектөө киргизилбейт. Мындан тышкары муниципалдык кызматтын курулушка тиешелүү унааларына чектөө тиешелүү эмес", - дешет мэриядан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан