Жашсыз, бирок жумушка орношууда көйгөй жаралдыбы? "Агро муун" сизге көмөк көрсөтөт

"Агро муун" программасы Кыргызстандын жаштарына айыл чарба бизнесине жана тамак-аш өндүрүүчү ишканаларына жумушка орношууда көмөк көрсөтөт. Жалал-Абад аймагынын тургуну Алмаштын баяны

"Агро Муун” программасы мага керектүү билимди алууга жардам берди жана мен ушул долбоордун жардамы менен өзүмдүн кыялымдагы жумушту таба алам деп ишенем".

2021-жыл июль - Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү Алмаш Алишерова мектеп окуп жүргөндөн баштап ар кандай олимпиадаларга, сынактарга, ыктыярдуу долбоорлорго, коомдук иш-чараларга катышып, жигердүү жашоого аракет кылган. 2020-жылы Маданияттар аралык коммуникациялар жана лингвистика факультетин аяктагандан кийин Алмаш жумуш издей баштаган. Бирок айрым тоскоолдуктарга туш болгон.
"Маектешүү учурунда бардык жумуш берүүчүлөр мурунку иш тажрыйбаларым жөнүндө суроо беришет. Албетте, университетти жаңы бүтүргөндүгүмө байланыштуу ал учурда менде тажрыйба болгон эмес. Мен мындай суроого “жок” деп жооп бергем, андыктан компаниялар мени ишке алышкан жок", - дейт Алмаш.
Башында өз кесиби боюнча иштөөнү каалап жүргөн Алмаш акыры ишти улантууга мезгил келгенин түшүнүп, “Социалдык тармактардагы маркетинг” багытында өз күчүн сынап көрүүнү чечти. SMM курстарын аяктап, бир нече тренингдерге катышкандан кийин көп өтпөй социалдык тармактарда бир чакан интернет дүкөндү жайылтуу боюнча биринчи smm долбоорун ишке ашыра баштады. Долбоор ийгиликтүү жүрүп жаткан, бирок анын алкагында Алмаш өзүнүн кыялындагы ири компанияларда иштөөгө жетиштүү тажрыйбага ээ боло албастыгын түшүнгөн.
Бир нече убакыт өткөндөн кийин Алмаш инстаграмда USAID'дин “Агросоода” долбоору тарабынан “Түшүнүү” Коомдук Фонду менен биргеликте ишке ашырылган “Агро Муун” стажировка программасына арыздарды кабыл алуу башталганы жөнүндө билди. Алмаш бул программаны иш тажрыйбаны топтоого сонун мүмкүнчүлүк катары көрдү. Ал арызын тапшырып, тандоодон ийгиликтүү өтүп, ушул программанын 60 катышуучусунун катарына кирди.
"Түшүнүү" КФ башчысы Владимир Ширяевдин айтымында, “Агро Муун” программасы жаштарга талапка ээ адис болуп чыгуусуна эң сонун мүмкүнчүлүктү түзөт. "Бул программа агробизнестин иш чөйрөсү менен тааныштыруу аркылуу ишканалардын муктаждыктары менен жаш жумушчулардын квалификацияларынын ортосундагы айырманы азайтууга жардам берет", - деп белгилейт ал.
«Биздин өлкөбүздүн түштүгүндө айыл чарба жана агробизнес тармагы абдан популярдуу жана мен бул программага киргенимди билип, андан кийин 30 катышуучунун арасында Кыргызстандагы “Шоро”, “Абдыш-Ата”, “Алайку Органикс”, “Байэлим” сыяктуу белгилүү, алдыңкы компанияларда PR же маркетинг бөлүмүндө акы төлөнүүчү практикадан өтүүгө тандалып калганыма абдан сүйүндүм. Программанын алкагында өз тармагындагы мыкты адистерден алган билимдер жана көндүмдөр, конок спикерлердин түрткү берүүчү сөздөрү практика бүткөндөн кийин мага жумуш табууга сөзсүз түрдө жардам берет деп ойлойм. “Агро Муун” программасы мага керектүү билимди алууга жардам берди жана мен ушул долбоордун жардамы менен өзүмдүн кыялымдагы жумушка орношом деп ойлойм», - деп Алмаш өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүштү.
Алмаш Алишерова "Түшүнүү" КФ менен биргеликте USAID'дин "Агросоода" долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан "Агро Муун" программасынын "Техникалык көндүмдөр" тренингинин жүрүшүндө.
Агро Муун программасы USAID'дин «Агросоода» долбоорунун алкагында ишке ашырылып, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарынан келген жаштарды, айрыкча 18 жаштан 30 жашка чейинки аялдарды колдоого багытталган.
2021-жылдын 21-майынан 15-июнуна чейин бул программага катышуу үчүн максаттуу региондордон 250 арыз келип түшкөн, алардын 75 пайызы аялдар болгон.
Натыйжада, баалоо комиссиясы “Агро Муун” программасынын 60 катышуучусун тандап алды (ар бир аймактан 20дан), алар интенсивдүү онлайн жана оффлайн тренингдердин жүрүшүндө: техникалык көндүмдөр, ийкемдүү көндүмдөр, маркетинг, сапатты башкаруу системасы жана адам ресурстарын башкаруу темаларын өтүп, тамак-аш өндүрүү жана агробизнес ишканаларында ийгиликтүү жумушка орношуу үчүн өздөрүнүн лидерлик, техникалык жана ишкердик жөндөмдөрүн өркүндөтүштү.
Жалал-Абад аймагындагы “Агро Муун” программасынын катышуучулары
Ийгиликке жетишкен 30 катышуучу тандалып алынды, алар эки айлык стипендия программасын бүтүрүү мүмкүнчүлүгүнө, андан кийин алардын арасынан кеминде 10 – тамак-аш өндүрүү жана агробизнес тармагында жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Агро Муун Кыргызстандын айыл чарба ишканаларын өнүктүрүүгө баалуу салымын кошо алган талапка ылайыктуу адистердин жаш муунун тарбиялайт.
Бул доолбор Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү агентствосу (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн “Түшүнүү” Коомдук Фонду жооптуу жана ал USAID же Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтүнүн көз карашын сөзсүз түрдө чагылдыруусу шарт эмес.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан