Эртең, 31-июлда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 29…34;
Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 28…33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30;
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градус болот.