Асылбек Жээнбеков: "Кумтөр" иши боюнча тазабыз" (аудио)

27-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда "Кумтөр" иши боюнча Асылбек Жээнбековдун баш коргоо чарасынын мөөнөтү 30-сентябрга чейин узартылды. Анда сөз сүйлөгөн Асылбек Жээнбековдун билдирүүсү интернетке тарады.
"Урматтуу прокурор, өткөндө токтом жумшак кабыл алынып калган деген боюнча прокурорго айттык эле. Ошол токтом долбоорлорун көрдүңөрбү, окуп көрдүңөрбү, салыштырып көрдүңөрбү дегенибизде "жок" деген. Эки ай убакытта ошол токтом долбоорлорун, парламент жыйындарынын стенограммаларын окуп, салыштырып, бир чечимге келгенге убакыт келди. Токтом жумшак деп жатпайбы. Окуп чыккан адам биз кабыл алган токтом жумшак деп айта албайт. Инсан катары да, депутат катары да, төрага катары да бир дагы мыйзамсыз чечимге кол койгон эмесмин, бир дагы мыйзамсыз чечимди кабыл алган эмеспиз. Ошол кабыл алынган парламент токтому үчүн сыймыктанам. Анткени ага чейин парламент андай токтом кабыл алган эмес. Ал токтомдо ачык жазылып турат – "Кумтөр" боюнча келишимдер Кыргыз өлкөсүнүн кызыкчылыгына жооп бербейт деп турат. Тарыхыбызда мындай биринчи жолу жазылып турат.
Экинчиден, денсонсация деп жатабыз. Башка келишим, чечим болуш керек деп жатабыз. Өкмөттү 5 жолу карап жатабыз. Биринчи жолу өкмөттүн ишине канааттандырбайт деп баа берип жатабыз. Мыйзам боюнча канааттандырбаган өкмөт кетет. Сабаттуу адам стенограмманы окуса түшүнөт. Парламенттин табиятына жараша талаш-тартыш болуп, мыйзамдуу чечим кабыл алынган. Мыйзамдуу, Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын коргогон чечим болгон", - деген ал.
Мурдагы депутат эки айдан бери эки эле допрос болгонун айтат.
"Кумтөр" боюнча каралып жаткан иштер боюнча элдин алдында, Кудайдын алдында тазабыз. Кудай тараза. Каралып жаткан ишти түшүнүш үчүн Жогорку Кеңештин табиятын билиш керек, бешинчи чакырылыштагы парламенттин табиятын билиш керек. 2010-жылдагы Конституцияга ылайык, 5-чакырылыштагы парламентте поляризациялык ойлор күчтүү болгон. Андай парламент болгон эмес, боло элек. Анткени ар кыл фракция, партияга бөлүнгөн. Ар бир партиянын, фракциянын өзүнүн кызыкчылыгы болгон. Жогорку Кеңештин кароосуна коюла турган маселелер фракцияларда каралчу.
Жогорку Кеңешке фракциянын чечими менен келет, бул чечимди колдойбуз, муну колдобойбуз деп. Жогорку Кеңештин жыйынына чейин фракция мүчөлөрү өз пикирлерин бекемдейт. Урматтуу сот, ушул маселени караганда парламенттин табиятын түшүнүш керек. Дагы бир жолу айтам. Ошол жыйындардын стенограммасын окуган адам бир тараптуу эмес, талаш-тартыш менен мыйзамдуу, көпчүлүк депутаттын добушу менен кабыл алынган чечим деп түшүнөт.
9 жыл мурун болгон окуяны стенограмманы кайра-кайра окуп жатып, эстедим. Баатырбеков стенограмманы окуй элек экен, сиздерден сурап жатат "стенограммада кандай экен, маселе эмнеге 3 комитеттен кеткен" деп. Стенограммада "комиттерде каралсын деген Жапаровдун сунушу бар". Комиссиядан тышкары эмнеге комитеттердин, фракциялардын чечими, токтомдор келип чыкты дегенге жооп алыш үчүн парламенттин табиятын түшүнүш керек. Каралып жаткан маселе боюнча тазамын. Абийир, адилеттик, чындык үчүн күрөшөм. Турмушта периште эмеспиз, бирок ушул каралып жаткан "Кумтөр" иши боюнча тазабыз", - деген өз сөзүндө.

Эске салсак, мурдагы депутат Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" иши боюнча УКМКга сурак берип чыккандан кийин камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Men_ele
2021-07-31 18:35:30
Баарыңар эле тазасынар да, карапайым эл эле баарын кылган. Кол койгон, мамлекетти саткан, пара алган...
+10
Kuban-1207
2021-07-31 19:38:27
Тазамын деп коёт чоң жегич агаң экөөң
+5
nurdan2018
2021-07-31 21:39:23
Ууру тойгончо жеп,
Олгончо карганат,"деген соз бар беле кыргызда
+3
Men_ele
2021-07-31 22:42:02
nurdan2018,Азыр деле бар)
+6
zhunusali
2021-08-01 07:35:06
Эмнеге тош белгини алган эмес?
+3
al-abu-kinesz
2021-08-02 01:03:18
Мен эмесмин, мен эмесмин дейсинер киминер анда??? Баарынарды бир тизип туруп сурака алса бири биринерди тиктеп ушул болчу дейсинер да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан