Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова бүгүн, 2-август күнү килем үстүнө чыкты.
Кыргыз балбан кызы алгачкы жүрүшүн 1\8 финалда баштап, анда ал болгариялык Мими Христово менен кез келип, 6:5 эсебинде акыркы секундда жеңип алган.
Муну менен Мээрим Жуманазарова чейрек финалга чыгып, анда нигериялык Блессинг Оборудуду аттуу балбан кыз менен кез келип, атаандашына 3:2 эсебинде жеңилип калды.
Эгерде нигериялык балбан кыз финалга чыкса Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алат.