27-июлда "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрү алдамчылыкка шектелип кармалганы маалымдалган. Шектүүлөр, тагыраагы 24 жаштагы Э.Б. кызы жана анын 27 жаштагы М.О. аттуу жолдошу 15 күнгө СИЗО-1ге камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиришти.
Ал эми маалыматты расмий тактоо максатында Свердлов РИИБинин маалымат кызматына байланышканыбызда, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат берилбей тургандыгын айтышты.
Эске салсак, буга чейин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына М.М. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Э. аттуу аял алдамчылык жолу менен анын ишенимине кирип, "Элиза үй буюмдары" тобундагы абоненттик номерлердин акчасын көбөйтүп берүүнү айтып, акча каражатын алганын жазган. Ошондой эле "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрү каржы пирамидасынын уюштуруучулары болуп саналганы белгилүү болгон.
Бул факты Свердлов РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери жүргүзүлүп баштаган.
Андан бери "Элиза үй буюмдарынын" өкүлдөрүнүн тарапташтары митингге чыгып, Элиза Бактыбек кызы кош бойлуу экендигин жана 1 жарым жаштагы баласы кароосуз калганын айтып, бошотууну талап кылып чыгышкан.