Эстониялык окумуштуулар коронавирустун бардык штаммдарынан коргой турган спрей ойлоп табышты

Эстонияда окумуштуулар Ковид-19 вирусунун бардык штаммдарынан коргой ала турган мурун спрейин ойлоп табышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмаларында кабарланды.

"Лабораториялык изилдөөлөр көрсөткөндөй мурун спрейи коронавирустун Ухань, Индия штаммдарынан, ошондой эле британиялык, бразилиялык жана Түштүк Африкада пайда болгон штаммдарынан коргойт", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми генетикалык инженерия боюнча "Icosagen" компаниясынын директору Март Устав аталган спрейдин мындай өзгөчөлүгүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да тастыктаганын билдирди.

"Биз команда менен биргеликте вирустун өзгөрүшүн дайыма көзөмөлдөп турабыз. BioBlock мурун спрейинин коронавирустун кеңири тарала элек башка түрлөрүн да алсыздаштыруучу күчүн изилдеп жатабыз", - деп билдирди Март Устав.

BioBlock спрейин өндүрүү жана сатуу чечими Саламаттыкты сактоо департаменти жана эксперттердин корутундусунун негизинде кабыл алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан