"Акжолдун атасы кубанып Орусиядан келе жатат, сүйүнүчтөрүбүздү кантип жеткирүүнү билбей турам" дейт Махмудовдун агасы (маек)

Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 3-август күнү килем үстүнө чыгат.

SUPER.KG порталы Акжол Махмудовдун агасы Шарапидин Махмудовго байланышып, алгачкы сезимдери менен бөлүштүк.

- Саламатсызбы Шарапидин мырза. Иниңиздин ийгиликтери кут болсун. Алгач кубанычтар, сезимдер менен бөлүшө кетсеңиз?

- Кантип убакыт өтүп жатканын дагы билбей жатабыз. Үй-бүлөбүз менен катуу толкунданып, финалдык беттешин күтүүдөбүз. Биздин сезимдерди сиздер деле түшүнүп турсаңыздар керек. Кыргыз эли күтүп жатат.

- Акжол Олимпиадага кеткенге чейин сизде ага болгон ишенимиңиз кандай эле?

- Акжолдун дайыма сөзүнө ишенем. Себеби ал утам десе, утуп келчү. Олимпиадага кетип жатканда дагы маанайы абдан башкача болуп кетти.

- Акжолдун мүнөзү кандай?

- Акжол абдан токтоо. Беш убак намаз окуган бала. Кичине балдарды абдан жакшы көрөт. Улууларды абдан сыйлайт.

- Акжол менен байланышып жатасызбы?

- Жок, биз өзү менен байланыша элекпиз. Болгону машыктыруучу агайы менен гана байланышып жатабыз.

- Акжолдун учурдагы даярдыгы, психологиялык жактан даярдыгы кандай?

- Абдан жакшы. Эң жогорку деңгээлде. Биз беттешти Араван районундагы уюштурган экрандан көрөбүз. Акжолдун атасы Кыргыз өлкөсүндө болбогондуктан, эртең же бүрсүгүнү өлкөгө келет. Азыр жолдо.

Шарапидин мырза, жалпыбыз алтын күтүп жатабыз. Кайрадан куттуктап телефон чалганга чейин саламатта болуңуз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Pankration_MMA
2021-08-03 13:05:07
Акжолго ийгилик...
+13
Asmat84
2021-08-03 13:51:50
Акжол кыргыз эли үчүн ак жолтой бол иним
+10
Pankration_MMA
2021-08-03 13:58:25
Бул атаандашы Акжолдон күчсүз экен, и жетишкендиктерди да слобак экен. Кеша смело урушуң керек бабайды!
+5
Datka7777
2021-08-03 16:20:57
Ак-Жол деп чон атасы менен таятасы жакшы койгон экен атын! Дагы бир чымырканып чыдап кой!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан