Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта телефон аркылуу улуттук олимпиадалык курама команданын мүчөсү, эркин күрөш боюнча балбан Мээрим Жуманазарованы Токиодо (Япония) өткөн Олимпиада оюндарында коло медалга ээ болушу менен куттуктады. Балбан кыз президенттин куттуктоосуна ыраазычылык билдирип жатканын видеодон көрүүгө болот.
Мээрим Жуманазарова монголиялык атаандашы Батцэцэг Соронзонболдынды 10:1 эсеби менен жеңип, коло медалды камсыздады.