Казакстанда 19 миллионунчу ымыркай жарыкка келди. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.
"Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгында Казакстандын калкы тарыхый чекти басып өттү. Алматы облусунан Жания Азамат кызы 19 миллионунчу жаран болуп калды. Бул кыз үй-бүлөнүн төртүнчү баласы. Ата-энелерди жана бардык казакстандыктарды куттуктайм", - деп жазган казак президенти.