Кубик Калыковго операция жасалды. Операциядан кийинки видео


Обончу жана аткаруучу Кубик Калыковго экинчи ирет операция жасалды. Бул тууралуу музыканттын кызы Айпери Калыковага байланышканыбызда белгилүү болду. Айтымында, Кубик мырзага мындан 13 жыл мурда протез коюлган, бул ирет ошол протез жаңыланды.

"Атамдын операциясы ийгиликтүү болду. Жамбаш сөөгүнө протез коюлду.

Сабырбек Жумабеков агайыбызга терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Мындай операцияны атама экинчи жолу жасап жатасыз. Биринчиси февраль айында дал менин туулган күнүмдө болгон. Шүгүр, азыр жакшы.

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун бардык кызматкерлерине, травматология бөлүмүнүн ишкерлерине терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

Жан атам, Аллах шыпаасын берсин. Тезирээк чуркап баштаңыз, неберелериңиз сизди сагынды. Апам экөөңүздөр эч оорубаңыздар", - деген ал билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rahat73.
2021-08-04 21:49:59
Жакшы сакайып кетиниз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан