"Кумтөр": "Баары жалаа". Акылбек Жапаров Аскар Акаевдин айткандарына жооп берди

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу Аскар Акаевге жооп берди.

Эске сала кетсек, Акаев учурунда Акылбек Жапаров тууралуу төмөнкүлөрдү билдирген.

" Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин Салыктар жана бюджет боюнча комитетинин төрагасы болуп турганда, комиссиянын мүчөсү катары Торонтого (Канада) учуп барып, "Камеко" менен таанышып келген. Кайтып келгенден кийин суктануу менен Канадалыктарды мактап айткан. Акылбек Жапаров Кыргыз өлкөсү үчүн пайдасыз деп эсептелген документтердин эки вариантын тең түзүүгө активдүү катышкан жана ал ушул кырдаалда эң биринчи күнөөлүү адам",- деп айткан.

Акылбек Жапаров мурдагы мамлекет башчысы "Кумтөрдөгү" коррупциялык жана криминалдык келишимдин башатында өзүнөн башка эч ким турбаганын унутуп койгонун жазган.

"Экс-президент Акаев мырза "Кумтөр" боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн күндөн тартып эле массалык маалымат каражаттарына көлөмдүү интервьюларды таратып келет. Акаев мырза айласыздан өзүн актоого аракет кылып жатып, "Кумтөр" боюнча коррупциялык жана криминалдык келишимдин башатында өзүнөн башка эч ким турбаганын такыр унутуп койгон. Бирок Акаев мырзаны фактылар жана цифралар чаташтырып жатканы анык. Ал бардык жерде Акылбек Жапаров "Кумтөрдөгү" бардык туура эмес чечимдердин күнөөкөрү, Акылбек Жапаров атайын Торонтого канадалыктар менен сүйлөшүү үчүн барган деп айтып жатат.

Буга байланыштуу мен бир дагы чечимди кабыл албаганымды, "Кумтөр" боюнча бир дагы келишимге кол койбогондугумду расмий түрдө билдиришим керек.

Мен, Акылбек Жапаров Торонтого "Кумтөр" маселеси боюнча жеке же эч кандай топтун, делегациянын же комиссиянын курамында барган эмесмин. Акаевдин мен жөнүндө айткандарынын баары жалган жалаа.

Кошумчалай кетсем, анын уулу Айдар Акаев Торонтого барган. Кийин аны менен канадалыктардын ортосундагы "өз ара кызыкчылык" фактылары болгону тергөө тарабынан далилденген", - деп жазды Акылбек Жапаров.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан