Beeline IT программалоо боюнча акысыз окутат

Жаш муундар үчүн программаларды өнүктүрүү көптөгөн ири компаниялар үчүн артыкчылыктуу багыт болот. Өлкөбүздөн жаштардын көп санда агып чыгуусу мамлекет беттешкен көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Beeline жаш муундарга билим берүүнү өнүктүрүү үчүн салым кошууну каалайт жана ошондуктан Digital Academy менен биргеликте IT-адистиктерге окутуу боюнча долбоор иштелип чыккан. Бул демилге акысыз болуп саналат жана коомго билим берүүгө багытталып, программалоо сыяктуу тез өнүгүүчү чөйрөдө потенциалдуу адистерди көбөйтүүгө өбөлгө түзөт. Долбоор мектеп бүтүрүүчүлөрүнө, студенттерге жана көптөгөн жаш улан-кыздарга багытталган жана алар сапаттуу жана инновациялык билип алып, иштеп чыгуу жана дизайн жаатында алдыңкы адистердин катарына кошула алат. Бүтүрүүчүлөр алган техникалык билимдерин өз ишинде колдоно алышат, себеби кийин катышуучуларда өлкөнүн ири компанияларына ишке орношуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Окутуу озүнө компьютердик сабаттулук жана программалоо негиздери боюнча милдеттүү курстарды камтыйт жана андан кийин ар бир каалоочу өзүнө ылайыктуу курсту тандайт.

Биринчи эки курсту аяктагандан кийин студенттер кандай багыттар боюнча окушат?
1. UX-UI дизайн (окуу мөөнөтү 2 ай)
2. Frontend (окуу мөөнөтү 7 ай)
3. Backend (Python – окуу мөөнөтү 7 ай)

Окутуу онлайн форматында дагы, офлайн форматындагы дагы жүргүзүлөт. КПКИЧКА менторлору долббордун катышуучулары менен жолугушуу үчүн мезгил-мезгили менен алыскы түштүк аймактарына барып турушат. Ошондой эле компания жеткиликтүүлүк билим алуунун эң маанилүү түзүүчүсү деп эсептегендиктен, ноутбук же компьютердин жоктугунан өз алдынча окууга мүмкүнчүлүгү жок болгон катышуучулар үчүн уюштуруучулар жабдылып, интернетке туташтырылган Ачык бурчтарды сунуштайт.

Төмөндө борборлордун тизмеси көрсөтүлгөн:

№ Борбордун аталышы жана дареги
1 Жалал-Абад шаарындагы Америка Бурчу Жалал-Абад Мамлекеттик университети Ленин көч., 57, Жалал-Абад
2 Каракол шаарындагы Америка Бурчу Ысык-Көл Облустук китепканасы Коёнкөзөв көч., 35 (Драм. Театрдын имараты), Каракол
3 Талас шаарындагы Америка Бурчу Талас Мамлекеттик Университети, Гуманитардык факультет, Ч.Айтматов көч., 192
4 Ош шаарындагы Америка Бурчу Ош Облустук китепканасы Курманжан Датка көч., 271, Ош
5 Нарын шаарындагы Америка Бурчу Нарын Облустук китепканасы Ленин көч., 33, Нарын
6 Бишкектеги Америка Бурчу К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасы, Огонбаев көч., 242
7 Баткен шаарындагы Америка ресурстук борбору Баткен мамлекеттик университети Жусупов көч., 21, Баткен
8 Кант шаарындагы Америка Бурчу Чүй Облустук китепканасы Маликов көч., 5 Кант
9 Жалал-Абад шаарындагы Коворкинг борбор
Дареги: Жалал-Абад шаары, Ленин көч., 20
10 Ош шаарындагы Билайн окутуу борбору

Бардык суроолор боюнча 0990037037(Digital Academy - Омурбек) кайрылсаңыз болот.
Катышуу үчүн арыздарды 8-август саат 12:00гө чейин компаниянын сайтына https://beeline.kg/ru/it-courses шилтемеси аркылуу кирип берсеңиздер болот. Окуу катышуучулар топтолгондон кийин, 10-августта башталат. Барык кирүү сынактары онлайн-форматта өтөт жана бул биринчи кезекте аймактардын жашоочулары үчүн процессти тездетет.

«Компания социалдык жоопкерчиликтүү болуп, коомчулук үчүн социалдык инвесицияларды ишке ашырып, өзүнүн Корпоративдик социалдык жоопкерчилик стратегиясына дал келген Социалдык демилгелерге колдоо көрсөтөт. Компаниянын социалдык инвестициялары Кыргызстандагы ишкердик демдин жана инновациялардын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, санариптик технологияларды популяризациялоо жана санариптик долбоорлор жана максатка багытталган окутуу аркылуу тийиштүү компетенцияларды жогорулатуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү бериши керек. Биз долбоорубуздун өнүгүү келечеги IT жаатында натыйжалуу болуп жаткандыгын көрүп жатабыз жана бул биздин өлкө үчүн чоң пайдасын тийгизет. Билим берүү процессине Кыргыз программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн ассоциациясынын алдыңкы тренерлери жана менторлору тартылган. Негизинен КПКИЧКАнын урааны: «Кыргызстанда жашап, бүткүл дүйнө жүзү менен иштөө», ошондуктан биздин демилгебиз жаш жана таланттуу балдарга программалоо жаатында келечеги кең мансап курууда өз жолун табууга жардам берет деп ишенебиз», - дейт Айзада Мадамбекова, Башкы директордун Биринчи орун басары – Beeline’дын Финансы директору.

Окуудан кийин сынак өткөрүлүп, анын жыйынтыктары боюнча 3 жеңүүчү аныкталып, акыркы муундагы ноутбуктарга ээ болушат.
Тезинен катталып, Beeline компаниясынын кең келечектүү долбооруна катышыңыз!
Кеңири маалымат https://beeline.kg/ru/it-courses
Beeline: Сизге камкордук менен.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан