Дагы бир коло медаль. Кыргыз өлкөсү химия боюнча эл аралык олимпиадада байгелүү орунга жетишти

11-класстын окуучусу Камил Мамбетов химия боюнча эл аралык олимпиадада коло медалды жеңип алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, 25-июлдан 2-августка чейин мектеп окуучуларынын химия боюнча 53-эл аралык олимпиадасы (IChO-2020, Япония) онлайн режиминде өттү. Олимпиадага 85 өлкөнүн командалары катышты.
"Олимпиадага Кыргыз өлкөсүнөн 4 мектеп окуучусу катышып, жыйынтыгында Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Камил Мамбетов коло медалга ээ болду", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-08-05 19:56:21
Охоо ийгилик иним
Ошондо бул олимпиада оюндарынын колосун уттубу
-1
Dembele84
2021-08-05 20:09:13
Asmat84,Бул мектептеги окуучулардын окуу боюнча олимпиадасы,азыркы отуп жаткан олимпиада оюндарына такыр тиешеси жок!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан