Кадамжай районунда 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу Баткен облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, айдоочу рулда уктап кетип, токтоп турган 2 унааны сүзүп токтогон.
"Хундай Старекс үлгүсүндөгү унаанын айдоочу Кызыл-Кыядан Кадамжайды көздөй кетип бара жатып, рулда уктап кетип Марказдын айлампасынан токтоп турган 2 унааны (Хундай Портер, Хонда Акорд) сүзүп токтогон.
Кырсыктын кесепетинен эки адам ооруканага түштү.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө", - деп билдиришти атайын кызматтан.