Мамлекет күрөш боюнча улуттук курама командага татыктуу шарт түзүп берген эмес. Бул тууралуу күрөш федерациясы кабарлады.
"Токио Олимпиадасы аяктады, эми "Париж-2024" даярдануу башталат. Бизде иштей турган жана ойлоно турган нерселер бар. Кыргыз өлкөсү Олимпиадалык алтынды күткөн, бирок мамлекет бул үчүн эмне кылды? Балбандардын спорт комплекси жок, ал тургай өздөрүнүн машыгуу залы да жок! Улуттук команда жеке бөлмөлөрдү ижарага алат. Өлкөнүн түштүгүндө спорт интернат жок. Машыктыруучулардын айлыгы аз! Жаш балбандар турнирлерге барардан мурун демөөрчүлөрдөн акча издешет.
Эмнеге Олимпиаданын 5-7 орундары үчүн акчалай сыйлыктарды алып салды? Айпери Медет кызы татыктуу күрөшүп, 16 балбандын ичинен бешинчи орунду камсыздады. Олимпиадага чейин федерация уят кылуучу шарттарга туш болгон. Федерация улуттук команданын кошумча чыгымдарын жабат, кымбат баалуу дары-дармектер менен камсыздайт жана вице-президенттерди, бюро мүчөлөрүн жеке каражаттардан жөнөтөт. Дүйнөлүк күрөш уюмуна мүчө болуу үчүн милдеттүү түрдө жыл сайын төлөнүүчү төлөмдөрдү, калыстык лицензияларды төлөйт", - деп жазды күрөш федерациясы.
Мындан тышкары күрөш федерациясы өлкөдө талапка жооп бере турган спорт комплекстер жок экендигин баса белгилеген.
"Биз дүйнө чемпионаттарын өткөрүүнү каалайбыз, бирок ылайыктуу аренанын жоктугунан улам өткөрө албайбыз. Биздин Спорт Ордобуз буга чейин 2018-жылы күрөш боюнча Азия чемпиондугун өткөргөн. Бирок Дүйнөлүк күрөш уюму бизге көптөгөн суроолорду берип, Азия чемпиондугу аяктагандан кийин бизди 20 миң франк (Швейцраия акчасы) айып салган", - деп жазылды.
Ошол эле учурда федерация 2021-жылы сентябрда Азия чемпиондугун Бишкекте өткөрүүгө уруксат берүү өтүнүчү менен кайра өкмөткө кайрылган. Бирок мамлекет кошумча каражат бөлүп бербегендиктен токтогон.
"Биздин дүйнөдөгү эң күчтүү спортчуларыбыз стандарттардан алыс шарттарда машыгышат, бирок алар эч нерсеге карабай ушундай сонун жыйынтыктарга жетишүүдө", - деп жазды федерация.