ЭЛДИК КАБАР: "Чычкан капчыгайындагы эс алуучулар тарабынан ташталган таштандылар тазаланды" дейт окурман

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Токтогул районунун тургуну кайрылды. Анда ал Чычкан капчыгайында эс алуучулар тарабынан ташталган таштандылар тазаланганын билдирди.

"Токтогул районунун Чычкан капчыгайындагы эс алуучулар жана жолдо жүрүүчүлөр тарабынан ташталган таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлдү. Тазалоо иштерине Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондогу бир катар мекеме-ишканалардын кызматкерлери тартылды", - деди окурман.

Эске салсак, буга чейин Токтогул районунун тургундары аталган жайга таштанды ыргытылганына нааразы болуп жатышкан.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан