Жекшембиде "Талибан" кыймылы Ооганстандын борбору Кабул шаарын басып кирип, өлкөгө толугу менен көзөмөл орнотконун жар салган. Кийинчерээк талибдердин батутка, каруселге, аттракциондорго түшүп, машыгуу залдарында жүргөн видеолору интернетке тарады.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, жергиликтүү тургундар коркконунан улам көчөгө чыкпай, жадакалса милиция кызматкерлери да жумуш ордунда жок болуп жатышат.