Ооганстандын борбору Кабулда аялдар талибдер шаарды басып алгандан бери биринчи нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видеолорду жарыялап жатышат.
Маалыматка ылайык, кечээ, 17-августта NBC телеканалынын журналисти Ричард Энгел Твиттерде талибдер өлкөнү кайра көзөмөлгө алгандан кийин өз укуктары үчүн митингге чыккан ооган аялдарынын видеосун жарыялап, “Эр жүрөк ооган аялдары Кабулда өз укуктары үчүн нааразычылык акцияларын өткөрүп жатышат” деп жазып калтырган.
Алардын плакаттарында “Жумуш, билим жана саясатка аралашуу – ар бир аялдын укугу” деп жазылган.
Эске салсак, “Талибан” кыймылынын алгачкы жарлыктарында аялдарга милдеттүү түрдө хиджаб кийип жүрүү, махрамсыз (жакын эркек тууганы) көчөгө жалгыз чыкпоо сыяктуу эрежелер киргизилген.
Маалымат үчүн: "Талибан" кыймылы - Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.