Газдаштырууда пайызсыз бөлүп төлөөнү алуу үчүн Ош жана Жалал-Абад облустарынын жашоочулары «Дос-Кредобанкка» кайрылса болот. Бөлүп төлөөнүн максималдуу мөөнөтү – 18 айга чейин. Суммасы – 250 000 сомго чейин.
Аталган суммага газ от казанын, газдаштырууга керектүү материалдарды сатып алса болот жана «Газпром Кыргызстан» компаниясынын каалаган КТБнан газ түтүктөрүн монтаждоо үчүн тапшырык калтырсаңыз болот.
Бөлүп төлөөнү DCB Green долбоору боюнча алса болот. Компаниялардын өкүлдөрү маалымдагандай, ыңгайлуу финансылык аспапты иштеп чыгуу Ош жана Жалал-Абад облустарындагы калкка жана бизнеска катуу отундан экологиялык таза отунга өтүүгө түрткү бермекчи.
Буга чейин «Газпром Кыргызстан» жана «Дос-Кредобанк» Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы өндүрүштү газдаштырууда чакан, орто бизнес ишканаларын колдоо үчүн бизнес-продуктыларды иштеп чыгуу боюнча Меморандумга кол коюшкан.
«Дос-Кредобанк» ААКнын төмөнкү даректеги филиалдары аркылуу бөлүп төлөөнү алса болот:
№
|
Аталышы |
БИК боюнча коду |
Дареги |
Директор жана башкы бухгалтердин аты-жөнү |
1 |
Жалал-Абад филиалы |
121002 |
Жалал-Абад, Ленин көч., 28а |
Директору: Асаркулов А.К. Башкы бухгалтер: Кыргызбаева З.Н. |
2 |
Ош филиалы |
121004 |
Ош, Ленин көч., 324 |
Директору: Айбашев Ж.Б. Башкы бухгалтер: Байыш кызы Ж. |
3 |
«Берекет» филиалы |
121008 |
Бишкек, Токтогул көч., 171/1 |
Директору: Исаев А.Ж. Башкы бухгалтердин милдетин аткаруучу: Ордобаева А.К. |
4 |
Борбордук филиал |
121015 |
Бишкек, Чүй пр.,92, «Чынар» соода борбору, 1-кабат |
Директор: Исламов Д.Э. Башкы бухгалтердин милдетин аткаруучу: Токтосунов Р.А. |