"Элди кыжырданткан пранк, хайптардын бири". Бул ирет жаш кыздын көчөгө дарбызды жара чаап салып жегени талкууда

Социалдык тармактарда бул ирет жаш кыздын көчөгө дарбызды жара чаап салып жегени талкууга жем таштады. Интернет колдонуучулар жаш кыздын мындай жоругуна нааразы болгон билдирүүлөрүн калтырышып, бул жорук жазасыз калбаш керектигин жазышууда.

"Жанында болсом чачын бирден жулуп тазалаттырат элем",

"Бул кылыгы үчүн айып же бир ай "Тазалык" ишканасында иштөө иретинде жаза берилсин",

"Хайп үчүн эмнени гана кылышпайт. Бул нерсенин аягы жакшылыкка алып барбайт",

"Акыркы мезгилдерде акылы тайкылардын эл астында акылсыз иштери менен мактануусу күч алды",

"Кандай гана жийиркеничтүү! Артынан ким жыйнайт?",

"Адамдар интернетти туура колдонууну билбегендиктен ушундай акылга сыйгыс нерселер болууда. Китеп окубай калышты" деген пикирлерин жазышууда.

Ал эми видеонун аягында жаш кыз Асел аттуу кыз берген тапшырманы аткаргандыгын айткан. "Тапшырмаңды аткардым, эми сага тапшырма: Сен апаң менен сүйлөшпөгөнүңдү билем. Эненин таманынын астында бейиш дейт, сен апаңа чаласың, кечирим сурайсың. Аткар, күтөм", - деп жазган кыз.


кошулду
Жаш кыздын көчөгө дарбызды жара чаап салып жегени талкууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
bond02
2021-08-20 15:21:59
Ушундай акылы кем кыз келиндерди таллибандарга салып бериш керек да.
+23
zhaynak
2021-08-20 15:28:56
Бийигирээк чыгып кайра жерге башын менен таштачы дарбыздай болуп жарылат бекен королу. Анан айт бул хайп болчу деп. Кайран гана дыйкандын эмгеги. Сен учун 90кун карады эле ошол дарбызды.
+16
bessmertiy
2021-08-20 16:01:46
zhaynak,башы болсо ушундай кылмак беле ))
+9
ayzhan12
2021-08-20 16:11:01
bessmertiy,.
Атын чыкпаса жер ортто.
+7
nazira...
2021-08-20 15:35:46
Аягына чейин тартпаптыр да, балким кайра барып тазалап бергендир. Сатуучу кыйкырып аркасынан келбегенине караганда мурунтан сатуучу менен сүйлөшүп анан тартышкан го.
+14
PFC-CSKA
2021-08-20 15:38:16
Ээк приказынар менен силердин туру суук акмак десе!!!
+14
Rusbayastan
2021-08-20 15:38:18
Жоругун менен жерге кир
+9
Rusi79
2021-08-20 17:13:16
Асел сага дагы приказ многу тоок мээ подружкана айтып кой дарбызды башына сындырып жесе сонун болот.
+10
suban78
2021-08-20 17:34:02
Анчалык деле жаман нерсе корбодум. Оюн экен да, а дарбызды тазалап коет да.
-13
zamir_kgz
2021-08-21 10:08:35
suban78,Акыр тарабында жакшылык кылып жатат, энесинен кечирим суратыш үчүн ушул жорукка барыптыр да. Демек, тротуарды тазалап коюсу мүмкүн бул проблема эмес - эне менен баланы бириктирүү бул өтө чоң сооп!
+4
Gulina90
2021-08-20 19:55:56
Бейбаш,сойрук экенго.
+6
muslima-0788
2021-08-21 07:51:17
Ушуга окшош пранкчыларга штраф салыш керек.Элди маскаралап кулушот, чочутушат,бечара болуп корунушот,акча сурашат.Жок кылыш керек.
+6
JaneEr
2021-08-21 09:59:36
Шайтандын иши
+2
Erlan_95
2021-08-21 21:41:12
JaneEr, Ещё акыр замандын белгиси деп кой
-1
Alixan-Nookat.2015
2021-08-21 11:09:54
Эшек кыз экен
+3
Nursul
2021-08-21 23:24:13
Атын чыкпаса пранк жаса дегендей эле болуп баратабыз обу жоктонуп. Ушундай келесоолор көбөйүп кетти го бизде.
-1
Birimdik5555
2021-08-21 23:50:23
Бейиш эненин астында экенине мээн жетип дарбызды жерге ыргыта чапса убал болоруна башын жетпедиби, неге ушуга окшогон туру суук жоруктарынардан уялбайсынар. Сен Аселдин апасына боорун оорубай озундун апанды ойлобойсунбу ушу кылыгын учун жер карайт деп
0
Dembele84
2021-08-22 12:18:36
Садыр мырза кыздарды карап койбойспу,ушинтип журсо кантип онугобуз?))))))))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан