"Мен тирүүмүн. Тарыхта кала турган адам жөнүндө маалыматтар так болсун деп кайрылып жатам" дейт Акжол Махмудовдун апасымын деген Таңсулуу Айдарова

SUPER.KG порталына Токио-2020 жайкы Олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча күмүш медалдын ээси, кыргыздын сыймыктуу уулу Акжол Махмудовдун апасымын деп Таңсулуу Айдарова кайрылды. Анда ал жалпыга маалымдоо каражаттарында Акжолдун апасы бир канча жыл мурун каза болгон деген жана башка туура эмес маалыматтар тарап жатканын айтып, так маалыматтарды айтып коюуну туура көргөнүн билдирди.

"Балам тарыхта калгандан кийин ал тууралуу туура маалыматтар айтылышы керек деп ойлойм. Ошол үчүн мен тууралуу айтылган кептерге жооп берип коёюн деп чечтим.

Аты-жөнүм Таңсулуу Айдарова, Акжол Махмудовдун апасымын. Биз 1993-жылы турмуш курганбыз. Турмушта ар кандай жагдайлар боло берет экен... Тилекке каршы, 2005-жылы ажырашып кеттик. Биздин ортобузда 3 уул, 2 кыз бар. Бердике баатырдын урпагымын", - деди Таңсулуу Айдарова.

Ошондой эле Таңсулуу Айдарова Акжолдун кичинекей кезиндеги кыял-максаттары жөнүндө айтып берди.

"Акжол Бишкек шаарындагы №2 төрөтканада 1999-жылы 15-апрелде төрөлгөн.

Акжол кичинекей кезинде зирек, максаты чоң, тазалыкты сүйгөн, боорукер бала болчу. Чоңойгондо сонун көйнөктөрдү алып берем, ошолорду киесиз деп айтып калчу. Сыймык экөөнүн окшош оюнчуктары (конструктор) бар эле. Экөө тең ошолордун ичинен өздөрүнүн фигураларын тааный алышчу.

Алгач Бишкектеги бала бакчага барышты. Акжол агасы Сыймык экөө чогуу бир тайпага барышкан. Алардын тарбиячысынын аты Ширина Имашова болчу. Аны Акжол "Ширина Имашина" деп айтып калчу. Тарбиячы "Таңсулуу, балдарыңды айтчы башкалардын алдында минтип айтпасын" деп калчу. Балдарыма туура аталышын айтсам "апа, сиз жакшылап уксаңыз баары эле ошентип айтышат" деп калышчу. Кийин эжейи ага дагы көндү "мейли, айта беришсинчи деп калды".

Балдарды бала бакчага алып баргандан кийин көп кабаттуу үйлөрдүн подъездерин жууп иштечүмүн.

Ошол убактарда телевизордон алтынчы күндөрү "Арноо концерти", "Ала-Тоо таңшыйт" деген концерттерди берер эле. Ошолорду көрчүмүн. Концерт башталганда "Апажаным, концертиңиз башталды, кирип көрүп алыңыз" деп уруксат беришер эле. Мен телевизор көргөн соң алар кайрадан мультфильм көрүп отуруп калышчу.

Акжолдун кичинекей кезиндеги бир окуяны айтып берейин. Бала бакчада тарбиячысы Акжолго үйгө кийген тапичкесин кийгизе албай кыйналчу экен. Ал эми бакчада бүтүрүү кечеси болуп, балдардын баары ак көйнөк, туфли кийип чыкса, Акжол туфлисин чечип үйгө кийген тапичкесин кийип чыгып алып жатпайбы. Эжейи күлүп, таң калган болчу.

Балдарымдын кылык-жоруктарын баарын сүрөткө тартып, чогултуп койчумун, Тилекке каршы, кийин балдарым атасында калды, менде алардын сүрөттөрү калды... Балдарым менен ар кандай себептерден улам катташпай калдым.

Акжолдун күрөштөрүн көп деле көрбөйм. Жүрөгүм чыдабайт. Күрөш бүткөндөн кийин тааныштардан кандай болду, жаракат алган жокпу деп сурап алам. Алар баарын айтып беришет. Ал кандай медаль алганы көп деле маанилүү эмес. Мен үчүн эң негизгиси Акжол жаракат албаса эле болду", - дейт Айдарова.

Мындан тышкары балдарынын спортко болгон талантын байкап, үй ичинде бош убакыт боло калганда Акжол менен Сыймыкты күрөштүрүп турганын кошумчалап өттү.

"Бош убакыт боло калганда Акжол менен Сыймыкты күрөштүрүп калчумун. Неберелеринин спортко болгон шыгын көрүп таятасы Кудайберди Ноокат районунан Тойто балбандын ташын алып келип, спорт залына белек кылган.

Балдарды сүннөткө отургузуу ырымын жасаганда үйдө эч ким жок, дарыгер чакырып келип, отургузгам... Кийин мени ыза кыла турган жагдайлар жаралды, ыза болдум, ажырашкандан кийин ошол учурда туура кылган экенмин деп ойлондум. 12 жыл балдарымды карап, мээрим төккөнүмө, кам көргөнүмө өкүнбөйм.

Мен тууралуу ар кандай маалыматтар чыгып жатат деп айтпадымбы. Алардын ичинен балдарын таштап кетти деп жатышат. Балдарды таштап кеткен эмесмин... Кайын сиңдим өзүм карайм деп Ошко алып кеткен...(ред. ыйлап)", - деген Таңсулуу Айдарова көп жылдардан бери Москва шаарында экенин кошумчалады.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (59)
Pankration_MMA
2021-08-27 12:36:30
Бир өлүмдөн калып төрөп, ак сүтүн эмизген энеңди эч качан чанып кете албайсың. Эч качан сен жаман дей албайсың. Эгер энең менен катташа албасаң сен мен үчүн тирүү өлүксүң, сени аябай сыйлачум, ушуну окуп, апаңдын абалын ойлоп аргасыздан ичим тызылдап, көзгө жаш келип кетти.
+9
KaGaH
2021-08-27 12:41:17
Орустарда бир сөз бар:чужая семья темный лес!обсуждать этпегиле эмне болгонун, Таңсулуу эже менен Акжолдун атасы билет эмне болгонун,өткөн өттү кеткен кетти аркага кайтара албайт эч нерсени,Акжол акылдуу бала,Бишкектен апасына бир батир алперип койсо жанында болот ар дайым келип кетип.апа бул ыйык апанын катасын айтып сен ушундай кылгансың деп өчөшүп сүйлөшпөй койгон бул туура эмес!
+20
Alia82
2021-08-27 15:16:00
Акжол эстуу бала коруносун, соссуз апан менен катташып ыраазы кыл, кандай болгон кундо дагы апандын тогуз ай которуп, толготуп сени жарык дуйного алып келгени эле эмне деген мээнет, 12 жыл бакканын айтпаганда да...
+8
Mister-XXX
2021-08-27 15:22:06
Атасы да мыкты адам экен.Апасы деле жакшы аялдай көрүнөт.Бирок атасы үй бүлөнү каттуу кармайт экен.Ошонусу да жакшы.Эгер андай болбосо,Акжол мынчалык ийгиликке жетпесе керек эле.Ал эми эмнеге ажырашты,эмнеге апасы менен катташпайт,ал жөнүндө биздин талкуу кылганыбыз туура эмес туугандар.Бирөөнүн үй бүлөсүндө эмне окуя болгонун биз билбейбиз.Акжол акылдуу бала,апасы менен баары бир катташат.
+10
jibew
2021-08-27 16:17:14
Бейиш эненин таман алдында дейт! Акжол эсиң болсо энең менен катташ, энеңди ыраазы кыл! Болбосо сенин олимпиаданын 10 жолку чемпиону болсоң дагы бир тыйын!( Москвада жыргаганынан жүрбөсө керек)
+11
Nina.alex
2021-08-27 16:46:21
jibew,туура килейип калгыча апасынан кабар албвганы жаман экен.элдин козунчо калп эле ыймандуу боло берет окшойт. Абдан жакшы корчу элем оюм озгорду
-2
marat-ju
2021-08-27 17:28:14
Nina.alex,адамдын жеке жашоосуна киришпей эле койгонубуз туура болот. Өзүнүн ошого жараша маселеси болсо керек, биз билбейбиз да
+1
Pankration_MMA
2021-08-28 01:40:08
marat-ju, кандай маселе, кандай нерсе болгон күндө да бала энеге ак болгонго акысы жок, баарибир бала эненин раазычылыгын алыш керек. Ал проблема Акжолдун атасы менен апасынын ортосундагы нерсе. Акжолдун милдети экөөнө тең бирдей мамиле кылуу. Бирок Акжолго кичинесинен апасын жамандап көндүрдүда.
+3
marat-ju
2021-08-28 10:30:24
Pankration_MMA,сиз экообуз билбеген маселе. Жеке жашоосун жөн эле койсок деген эле сөз. Ар ким өзү билет да. Жеке таарынычын болушу мүмкүн бизди карабай таштап кеткен сиз деген сыяктуу. Акылдуу болуп ашыкча жазып койсом, кечиресиз тууганым
+2
Marni
2021-08-28 18:08:06
Pankration_MMA, ооба, бала ата-эненин ортосундагы конфликтке кийлигишпегени оң.
0
meni_kut
2021-08-27 18:46:29
Nina.alex,туура
+5
ulan73
2021-08-27 17:00:40
Иштин баары кайын синдисинде окшойт. Балдарды алып кетиптир
+10
Marni
2021-08-27 17:23:39
Cүрөттөр сүйлөйт.
+7
Chabandes2
2021-08-27 22:34:43
Эмнедеримди билбей калдым, Акжол ушунчалык чон ийгиликтерди жараттын, 22 жашында дуйного танылып жатасын, кандай апа торогон экен деп ойлочу элем. Апан менен кабарлашып ушул суйунучунду тен болушпогонун жигиттикке жатпайтго кантседа сени 9 ай которгон. Ушундайында ээсине кел. Сен тураалуу таза ойлордуу очурбо сураныч.
+7
my_Opinion
2021-08-29 01:09:31
Биз бул эже менен Куршаб айылында коп жылдар бою тушма туш коншу жашап калдык.байкуш Тансулуу эже Акжолдун эски Кыргызстандагы курошторун коруп апама ыйлап кирчу мына менин балам женди деп.азыр кандай суйунуп атканын элестетип атам. Эхх Энеда баарыбир.мен Ошто иштечимун 2014 болсо керек бир де иштен келсем магада айткан баламын суротун кордунбу Ошто илинип турат чемпион болду деп суйунуп.мен билгенден Тан сулуу эже ото жакшы аял.
+5
my_Opinion
2021-08-29 01:15:32
Акжол апасын тарткан. Тан сулуу эже соок сактуу колдору жоон бою узун кучтуу аял. Акжол чонойуп акылын кирип кудайым журогуно ыйман берип калса апан менен соссуз катташ, апан сени омур бою кутуп журот мен ошондогу ыйлаган коз жаштарын коруп алып боорум оручу байкуш апана. Апан ото жакшы золотая аял. Апанын ичиндеги арман журок тактарынан бошот эсин болсо. Апанын батасын ал. Ак сутун акта. Не болсода сени тундосу уйкусунан калып тогуз ай ичинде которуп баккан.
+4
my_Opinion
2021-08-29 01:21:57
Мен ушул Тан сулуу эженин уну элге жетеерин билгем, акыры эл билди Апасы экенин. Эми Ак жолду кутуп журом бир куну журогуно ыйман кирип апасына барып Кыргыз элин жана апасын кубантат деп) эженин ажырашканынын себебине келсек мен билгеними жазып кетейин. Короче атасы башка менен жашап кетет экен типа ойноп. Кийин аны Тан сулуу эже билип калып уруш чыгат, анан атасы эч пас кетпей моюн бербей уйдон чыгып кет мен сен менен жашабайм деп намысына жёстко тийген экен
+4
my_Opinion
2021-08-29 01:26:26
Анан Тансулуу эже намысына чыдабай уйдон чыгып кеткен экен. Балдарын алып кетейин десе уйундогу кайнеже кайни синдилерида тоскоол болуп бербей кетсен озун кет акабизга башка аял алып беребиз деп намысына тийгенинен. Бул жерде эженида тушунуш керек жондон жон себеп жок эч бир эне оз баласын таштап кетпейт. Бул жерде атасы эжелери Тан сулуу эжени унижать этип ошого жеткирип коюшкан экен. Ошондон анан апасы башын алып уйдон чыгып кеткен экен. Тан сулуу эженин эн чон арманы ушул балдары бирок
+5
my_Opinion
2021-08-29 01:29:00
Эхх Акжол эгер билсен кана апанын канча коз жашы кеткенин силер учун. Байкуш эже туну болсо туну ыйлап кирчу апама менин балам женди деп :( Акжолду атасы эжеси апасына каршы кылып остуруп коюшкан экен типа апан жок жаман адам деп.
+5
abusait
2021-08-29 13:06:10
Акжолдун алтын кумушторунон да кымбат энеси бар турбайбы . Ушунча элдин баары сизди колдоп сыйлап турат. Сизге чын ден соолук , узун омур уй булоолук бакыт каалайбыз . Чындык баарын женет. Сизди жузунуз жарык , бактылуу аял болсо деп ишенем.
-1
Marni
2021-08-29 14:59:53
Сүрөттөр акыйкатты сүйлөп жаткандай. Балдарды 9ай көтөрүп, ак сүтүн берип, түнкү уйкусу төрткө бөлүп, эки чунагын таза, тыкан багып, коомго аралашуусуна шарт түзүп (бала бакча) берген апа менен сыймыктанса гана болот. Тирүү апасын баласына өлүп калган деп айтууга кандай адамкерчиликсиз адамдын оозу барды экен?! Акжол, апаңды тирүүсүндө кадырлап ал. Кийин кеч болуп калат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА