Орусиянын Нижний Новгород шаарында белгисиз адам UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовго кол салды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Маалыматка ылайык, окуя Нижний Новгороддо өткөн Хабиб Нурмагомедовдун Eagle FC турниринен кийин болгон. Кол салган адамды мушкердин күзөтчүлөрү дароо кармап калган.
Бул окуядан кийин Хабиб Нурмагомедов Инстаграмдагы сториз бөлүмүнө "Мен силерди тажаттымбы?" деп суроо салды.
18-августта өткөн маалымат жыйында Хабиб Нурмагомедовдон журналисттер Ооганстандагы абал боюнча пикирин сураган. Бирок Хабиб Нурмагомедов ал жактагы абалга эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Бул билдирүү көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткан.