Бишкекте түнкү клубдан чыгып, милициянын кайгуул кызматкерлерине кол көтөргөн кыздар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Свердлов РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыздардын баш коргоо чарасы бүгүн же эртең каралат.
25-август күнү болжол менен саат 03:15 чамасында Свердлов РИИБине Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан "Нирвана" түнкү клубунда мушташ чыкты деген маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге жакын жерде жүргөн милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген. Алар барганда белгисиз кыздар милиция кызматкерлеринин талаптарына баш ийбей сөгүнүп, аларды ура башташкан. Мындан сырткары милиция кызматкерлеринин баш кийимдерин айрып салышкан. Бул окуядан улам алар Свердлов РИИБине жеткирилишкен.