33 миң гектардан ашык мисте токою бар Жалал-Абадда мисте фестивалы өттү

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында эл аралык мисте фестивалы болуп өттү.
Ноокен райондук администрациясынын билдирүүсүнө ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин Жалад-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Нурлан Шаршеналиев, токойчулар, жеке ишкерлер жана илим чөйрөсүнүн адамдары, жергиликтүү тургундар катышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл иш-чараны уюштуруунун максаты облус аймагында өстүрүлгөн мистени чет өлкөгө таанытуу, инвесторлорду тартуу, аянттарын туура пайдалануу менен кайра иштетүүнү жолго алуу экенин билдирди. Бул багыттагы көрүлгөн натыйжалуу аракеттер жергиликтүү бюджетти арттыруу менен тургундардын да кирешесин көбөйтөрүн айтты. Бүгүнкү жергиликтүү бийликтин демилгеси менен уюштурулган мисте майрамы да ага чоң салым кошорун, алдыда кайра иштетүү боюнча натыйжалуу долбоорлор каржылык колдоого алынарын белгиледи.
Фестивалда эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерттик программа орун алып, аймакта өстүрүлгөн мистенин түрдүү сорттору жана башка айыл-чарба азыктарынын көргөзмө жарманкеси менен уланды.
Иш-чаранын соңунда мисте түшүмдүүлүгүн өнүктүрүү боюнча алты мамлекеттин өкүлдөрүнүн катышуусундагы онлайн форум болду.
Жалал-Абад облусунда 33 миң гектардан ашык мисте токой бар. Анын 11 миң гектары Ноокен районунун Кочкор-Ата токой чарбасына карайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eden-Hazard
2021-08-29 10:09:10
Кыргыз жигит өртбек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан