Бүгүн, 1-сентябрда экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Беларустун Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Андрей Страчко менен соода-экономикалык өнүгүүнү кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тараптар өлкөлөр ортосундагы соода деңгээлинин төмөндүгүн белгилешти. Буга байланыштуу алар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, стратегиялык маанилүү аймактарда ишканаларды түзүүгө биргелешкен аракеттер көрүлөрүн айтышты.