Кара-Суу районунда пахтаны кайра иштетүүчү ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
“Кашкар-Коттон Текстил” пахтаны кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Турусбек Ногоев жана жергиликтүү дыйкандар катышты.
Аталган ишканада жергиликтүү тургундар үчүн 80 жумушчу оруну түзүлүп, жылына 10 миң тоннага чейин чийки пахтаны кайра иштете алат.