44 саат 6 мүнөт болду. Дөөлөт Сыдыков Москвада манас айтууну улантууда

31-августтан тарта манасчы Дөөлөт Сыдыков Орусиянын Москва шаарында 5 күн, 5 түн бою манас айтуусун баштаган. Бүгүн, 2-сентябрда манасчынын Москва шаарында манас айтып жатканына 44 саат 6 мүнөт болду. Бирок бул убакыт ичинде тамактануу жана эс алуу болгон. Бул тууралуу уюштуруучу Гүлзар Кокенова билдирди.

"Азыр убакыт 44 саат 6 мүнөт болду. Бирок ортодо эс алуу жана тамактануу болду.

Учурда Москвада саат 07:07. Өзгөчө таңкы маалда ачылып айтып жатат.

Дөөлөт байке токтогондо күлүп, жайдары, тагыраагы маанайы жакшы. Кудай буюрса, акыбалы жакшы көзөмөлдөө болуп жатат", - деп билдирди Кокенова.

Эске салсак, буга чейин, 12-ноябрь күнү манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт убакыт бою эч тыным албай, тамчы суу ичпестен манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылган.

Ошол күнү манасчыны Бишкек шаарынын тургундары күндүн суугуна, кардын жаашына карабастан жашы-кары дебей колдоп, сүрөөнгө алып турушкан.

Иш-чарада Ырыс Окенова жолдошу бул иш-чарага атайылап деле даярданбаганын, анын жолдошунун жашоодогу башкы максаты "манасчылык миссия" экендигин билдирген.

Арадан туура 14 саат 27 мүнөт өткөндө Дөөлөт Сыдыковдун манас айтуусун токтотушкан. Манас айтылып бүткөндөн кийин анын абалы туруктуу экендигине жеринде жүргөн "Тез жардам" кызматкерлери баа берген.

Иш-чаранын эртеси манасчы Дөөлөт Сыдыков SUPER.KG порталына маек берип, "мени токтотушпаса, манасты таң атканча деле айта бермекмин" деп билдирген.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан