"Тагдырдын өгөй балдарындай аябай кыйналдык". Бишкектин Төмөнкү Ала-Арча айылында суу жок, эл кыйналууда

SUPER.KG порталына Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылынын Раатбүбү Ашырбекова аттуу тургуну кайрылды. Анда ал аталган айылда таза суу көйгөйү көптөн бери чечилбей, эл кыйналып жатканын айтты.

"Төмөнкү Ала-Арча айылында 60 түтүнгө бир эле колонка коюп коюшту. Мурун Келечек конушунан суу алчубуз. Азыр аны өчүрүп коюшту. Таза суу алуу үчүн чоң жолдон өтүүгө туура келет. Жолдон унаалар тынбай өтүп турат. Суу алып келүү үчүн кичинекей балдардан баштап улгайган адамдарга чейин келишет. Жолдон өтүү дагы кооптуу. Анткени жол белгилери дагы коюлган эмес.

Айыл өкмөтү суу чыгарып берем деген. Бирок ушул убакка чейин эч кандай натыйжа жок. Бизге убакыт бергиле деп эле айтат.

XXI кылымда шаардын четинде суусуз жашайт деген эмне? Бизге жардам бергиле. Кайрылбаган жерибиз калган жок.

Тагдырдын өгөй балдарындай аябай кыйналдык", - деди Ашырбекова.

Ошондой эле бул көйгөй боюнча айыл өкмөт башчысын баш кылып, аким, "Бишкексууканал" ишканасына чейин кайрылгандарын айтып өттү.

"Бишкексууканал" ишканасына кайрылганбыз. Алар силер Чүй облусуна карайт экенсиңер. Биз өзүбүздүн айланабыздагы элди суу менен камсыз кыла албай жатабыз дешти.

Бул жакта бачокту коюп беришти. Бир-эки жолу суу чыкты. Андан соң чыкпай калды. Бир-эки айдан кийин суук түшсө, эмне кылабыз?", - деп кошумчалады тургун.

"Күнүнө бир канча жолу келип суу ташыйм. Суу керек бизге. "Кургак бака болуп калдык" деди айылдагы тургундардын бири.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан