Бүгүн, 3-сентябрга караган түнү Ооганстандын Панжшер провинциясындагы бир нече аймактар өкмөттүк күчтөрдүн карамагына өттү. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Маалыматка ылайык, түнү менен "Талибан" кыймылы Шотол аймагы, Хавак жана Анжуман ашууларында алдыга чыга алышкан эмес. Талибдер басып алган бир нече позиция эртең менен Каршылык фронтунун көзөмөлүнө өткөн. Ошол эле учурда талибдердин жоготуулары оор деп бааланууда.
Учурда Гүлбахар аймагында салгылашуулар уланууда. Телекоммуникация антеннасы талкаланган. Тышкы электр зымдары аркылуу провинцияларга электр энергиясы берилбей калды.
Панжшер провинциясы талибдер Ооганстанда көзөмөлдөбөгөн акыркы аймак болуп саналат. Учурда бул аймакта өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын ортосунда катуу салгылашуу уланууда.
Белгилей кетүүчү нерсе, "Талибан" кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.