Ырчы Анжелика Баяна Куловага карата доо арыз жазды. Бул туурасында ырчы менен кабарлашканыбызда белгилүү болду. Айтымында, Баяна Кулова жалган маалымат тараткан.
"Мен жөнүндө жалган маалыматты социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган жеке пикирдеги посту үчүн арыз жаздым. Доо арыз каралоо жана жалаа жабуу беренеси менен катталды. Ошондой эле ал менин Түркиядан алган ыраазычылык катымды "түстүү принтерден чыккан кагаз" деди. Бул сыйлык берген тараптын нааразычылыгын жаратты, Түркиядагы тиешелүү жактар муну карашууда.
Баяна Кулова жалган маалымат таратканын моюнга алып, видео иретинде кечирим сурасын. Арыздын негизинде тиешелүү жазасын алсын, мыйзам жазылгандан кийин иштеш керек", - деди ал.
Ал эми Алания шаарында орун алган концерттик иш-чарада Анжеликага ыраазычылык баракчасын берген ассоциация дагы кайрылуу жасады. Анда Баяна Кулова посту Анжеликанын ар намысына жана кадыр-баркына гана эмес, Алания шаарынын мэриясынын маанилүүлүгүнө, өлкөлөр ортосундагы эл аралык дипломатиялык мамилелерге шек келтирери айтылат.
"Алания шаардык мэриясынын, уюштуруучу катары "Иракишдер" ассоциациясынын жана иш-чаранын башкы демөөрчүлөрүнүн бири катары Баяна Куловадан жана анын макаласын жарыялаган жалпыга маалымдоо каражаттарынан расмий кечирим суроосун талап кылабыз.
Баяна Кулова Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоону уюштурууга кошкон салымы үчүн мэр Адем Мурат Южел тарабынан жеке тапшырылган Алания шаардык мэриясынын ыраазычылык катынын баалуулугун, формалдуулугун жана мамлекеттик деңгээлинен күмөн саноого түрттү.
Биз бардык скриншоттору менен дооматыбыздын көчүрмөсүн Тышкы иштер министрлигине жана Стамбулдагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугуна жөнөтөбүз. Түркия Республикасы 3-пункттун бузулушун абдан катуу көзөмөлдөйт. 125 "Түркиянын мамлекеттик структураларынын жана жарандарынын ар намысын жана кадыр-баркын коргоо жөнүндө" түрк мыйзамдары, бул алты айдан үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууну талап кылат", - дешкен ассоциациядан.
Өз учурунда Баяна Кулова ассоциациянын төрагасына, координаторлоруна жооп катары пост жазып чыкты. Айтымында, сын-пикирди жалгыз эле Анжелика айымга карата айткан. Уюштуруучулар жөнүндө бир ооз сөз болгон эмес.
Буга чейин ырчы менен Баяна Кулова социалдык тармактагы посттор аркылуу кайым айтышкан.