Бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Акыл Кемелов "Яндекс" такси боюнча маселе көтөрдү.
"Яндекс" такси кызматынын тиркемеси менен чет элдик компаниялар биздин рынокто иш алып барып жатат. Ошолор биздин мамлекетке салык төлөйбү?", - деп сурады депутат.
Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Талант Калыков Экономика жана финансы министрлиги Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизгенин айтты. "Анда Google, Фейсбук, Яндекстин салык төлөшү боюнча өзгөртүүлөр киргизилген", - деди ал.
Депутат: "Яндекс" биздин жарандардын эсебинен, мамлекетибиздин аймагынан акча таап, салык төлөбөгөнү туура эмес. Алардан салык түшүшү керек. Башкача технологиясын алып келип, ата мекендик компанияларды кысып койду. Кеч аракет көрүп жатасыздар. Эрте чара көрүш керек эле", - дейт.