Пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын ШИИББинин патрулдук милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте 64 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын патрулдук милиция кызматкери А.А.К. кармалган.
"А.А.К. таанышы менен жең учунан сүйлөшүп алып, зордуктоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча коркутуп, Бишкек шаарынын тургуну С.К.Б.дан 100 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган. Бирок укук коргоо органдары ага карата зордуктоо же башка укук бузуу фактыларын каттаган эмес", - деп жазылат билдирүүдө.
Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүмү ("пара талап кылуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалган Бишкек шаарынын ШИИББинин патрулдук милиция кызматынын кызматкери А.А.К. тиешелүү тергөө ыкчам иш-чараларын андан ары жүргүзүү үчүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.