XX Ысык-Көл эл аралык оюндарында "Ысык-Көл баатырлары" номинациясынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматынан жарыялашты.
Маалыматта айтылгандай, аталган номинацияга ээ болуу үчүн катышуучулар спорттун 3 түрүнөн (бука тартыш, күрөш жана оор салмактагы нерсени (ташты) көтөрүү) күч сынашкан.
Натыйжада эң мыкты жыйынтык көрсөткөн спортчу Бектурган Кожомуратов "Ысык-Көл баатыры" сыйлыгына ээ болгон. Ал 3 багытта тең биринчиликти берген эмес.
Ал эми аталган мелдеште 2-орунду Нуржигит Календеров багындырса, 3-орунга Бексултан Кубанычбек уулу жетишкен.
Белгилей кетсек, бул күндөрү Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында 20-ирет өтүп жаткан Эл аралык Ысык-Көл оюндары өтүүдө. Аталган спорттук иш-чарага КМШ (Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги), ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) жана Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары катышууда.
Спортчулар 24 спорт түрүнөн күч сынашууда.