Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик өз убагында маалымат бербегени үчүн "Манас" эл аралык аэропортуна айып салды. Бул туурасында мамлекеттик агенттиктин сайтында жарыяланды.
Андагы маалыматка караганда, "И" компаниясынын суранычы боюнча, Монополияга каршы мамлекеттик агенттик "Манас" аэропортуна маалымат сурамын жөнөткөн. Бирок белгиленген мөөнөткө маалыматтар берилген эмес.
"Буга байланыштуу мамлекеттик агенттик "Манас" эл аралык аэропортуна 13 миң сом өлчөмүндө айып салды", - дешет мекемеден.